• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Катар соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдейт

Экономика 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын соода жана өнөр жай министринин орун басары Султан бин Рашид Аль-Хатер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү маселелери, ошондой эле тараптардын бизнес-делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар жогоруда талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоону макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий