• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Айыл чарбасын каржылоо - 8” долбоорунун алкагында жалпы 1,36 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. “Айыл чарбасын каржылоо - 8” долбоорунун алкагында жарандарга жалпы 1,36 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, 20-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо 8” долбоорунун алкагында 1776 жаран жалпы 1 млрд 36 млн 800 миӊ сом суммасына насыя алды.

"Алардын ичинен фермерлерге 668 млн 700 миӊ сом, АЧКга 54 млн 300 миӊ сом жана кайра иштетүүгө 313 млн 800 миӊ сом насыя катары берилди", - дейт ал.

Чодуев кошумчалагандай, өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо - 8” долбоорунун алкагында ун жана буудай сатып алууга 800 млн сом бөлгөн. Бүгүнкү күндө 230 млн сом пайдаланылды.

Пикир

Оставить комментарий