• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Кытайдын Шеньчжень шаарынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү кызматташтыкты чыңдайт

Экономика 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Шэньчжэнь шаарындагы Эл аралык соодага көмөктөшүү боюнча Кытай комитетинин жетекчиси Гу Донгжонг менен жолугушуу өткөрдү.

СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар талкууланды.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана соода байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде көргөзмөлөрдү, форумдарды жана бизнес-сессияларды өткөрүү пландары талкууланды.

Темир Сариев ошондой эле эки өлкөдө чакан жана орто бизнести колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи, бул жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө жана экономикалык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.

Тараптар бул багытта мындан аркы иш алып баруу жана жаңы бизнес-өнөктөштөрдү издөө жана ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн биргелешкен демилгелерди уюштуруу жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий