• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"РСК банк" быйыл 1 млрд 85 млн сомго 414 ипотекалык насыя берди

Экономика 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. 2022-жылы “РСК банк" KfW немец өнүктүрүү банкы тарабынан берилген каражаттын эсебинен 1 млрд 85 млн сомго 414 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында банк башкармалыгынын төрагасы Кадырбек Букуев билдирди.

Букуевдин айтымында, аталган ипотекалык насыялар KfW немец өнүктүрүү банкы тарабынан берилген каражаттын эсебинен каржыланган.

"Анын ичинен Бишкек шаарынан – 278, Чүй облусунан – 88, Талас обусунан – 10, Нарын облусунан – 12, Жалал-Абаддан – 10, Ысык-Көл облусунан – 6, Баткен облусунан – 3, Ош облусунан – 7 жаран алган. Биз KfW немец өнүктүрүү банкы менен 2019-жылдан бери кызматташып келебиз. Аталган банк аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуу максатында жеңилдиктерди берүүгө кызыкдар. Өзүңүздөр көрүп тургандай, аймактарда жеңилдетилген ипотека алуучулар өтө аз. Ошондуктан алар үчүн баштапкы төлөмдүн суммасын жабууга кепилдик берүү сыяктуу продукцияны жайылтуу зарыл", - деп баса белгиледи Букуев.

Пикир

Оставить комментарий