• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аткезчилик менен ташылып келген 13 миңден ашык куту тамеки тартып алынды

Экономика 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы акциздик маркасы жок 13 миңден ашык куту тамекини тартып алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, МСК кызматкерлери прокуратура кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы базарлардан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрдү аныкташты.

Натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 13 миң 573 куту тамеки (Keno, Fast, Manchester, Mond, Oris, Prezident, Capital) тартып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган продукциялар өлкөнүн аймагына аткезчилик жол менен киргизилген.

Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы тамеки продукциясын саткан ишкерлерди мындан ары акциздик маркаларсыз тамеки буюмдарын сатып алуудан баш тартууга чакырат.

Салык кызматы жарандардан контрафакттык же жасалма тамеки, ошондой эле акциздик маркаларсыз же жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны байкаган учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 же (0 312) 66-39-25 номерлери аркылуу билдирип коюну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий