• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2024-жылы «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. 2024-жылга «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жогоруда аталган ишкананы субсидиялоого каражат республикалык бюджеттен «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча каралган.

Анын ичинен «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750 млн сомдук каражаттар каржыланды.

Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий