• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Люксембургда БА жана ЕБнын министрлеринин жолугушуусуна катышат

Саясат 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия жана Европа Бирлигинин министрлеринин жолугушуусуна катышат.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара бүгүн, 23-октябрда Люксембург шаарында өтөт.

Иш-чарага 5+27 форматында Борбордук Азия жана Европа Бирлигинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышат. Бул иш-чара мындай форматта биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Жолугушуунун максаты — аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландарды белгилөө, ошондой эле глобалдык жана аймактык күн тартиптериндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу.

Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Люксембургдун, Австриянын, Финляндиянын, Даниянын тышкы иштер министрлери жана Эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий