• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия менен Кыргызстан келечектеги натыйжалуу карым-катнаш планын белгилешти - В.Путин

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Россия менен Кыргызстан келечектеги натыйжалуу карым-катнаш планын белгилешти. Бул тууралуу бүгүн Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Бүгүн жолугушуу абдан конструктивдүү болду. Биз эки тараптуу кызматташтык маслелеринин бардык жагдайларын талкууладык. Россия менен Кыргызстандын келечектеги натыйжалуу карым-катнаш планын белгиледик. Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп кетким келет. Быйыл мартта дипломатиялык байланыш түзүлгөнүнүн 25 жылдыгын белгилейбиз. Биз кийинки күндөрдүн кыйынчылыктарын биргелешип жеңүү ниетиндебиз. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү бере турган бардык артыкчылыктарды толук пайдаланууга макулдаштык”,-деди В.Путин.

Ал белгилегендей, санитардык, фитосанитардык жана бажы төлөмдөрүнүн алынып салышышы соодада да, өндүрүштө да, айыл чарбасында да тыгыз интеграциялык байланыштарды түзүүгө негиз болот.

Пикир

Оставить комментарий