• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

РФ Президенти менен жолугушууда кызматташтыктын бардык маселелери талкууланды – А.Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри талкууланды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Россия Президентинин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында кыргыз-россия сүйлөшүүлөрү жакшы аяктады. “Тар жана кеңири форматтагы жолугушууларда биз кызматташтык маселелеринин бардык спектрин талкууладык. Бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүүчүлүккө келдик. Экономика, коопсуздук жана аскер-техникалык кызматташтык, анан албетте Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн алкагында интеграция маселелерин талкууладык. Ушул жерден эл аралык маселелерде биздин өлкөлөрдүн көз карашы дал келерин же өтө жакын экенин айтып өткүм келет. Андан тышкары, буга чейинки келишимдердин ишке ашышынын жүрүшүн карадык. Анткени, марттын башында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин келиши күтүлүүдө. Кыргыз тарап бүгүнкү сүйлөшүүлөргө канааттанды”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, А.Атамбаев жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды деп белгиледи. “Келечекте менин Россияга иш сапарым учурунда дагы бир катар жакшы документтерге кол коюлат деп үмүттөнөбүз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий