• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков Ереванда Армениянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Саясат 0

Бишкек, 24.10.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ереванда ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынында бүгүн, 24-октябрда Армениянын өкмөт башчысы Карен Карапитян менен жолугушат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу талкууланат.

Андан сырткары, КР өкмөт башчысы бүгүн Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушат.

Эске сала кетсек, эртең Ереванда Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт.

Келээрки жылы Төрагалык Россияга өтөт.

Пикир

Оставить комментарий