• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Катар энергетика, тоо-кен жана туризм тармагында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Күн мурун, 9-октябрда Катардын соода жана өнөр жай министри шейх Мохаммед бин Хамад бин Кассим Аль-Абдулла Аль Тани Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу министр Кулубаевдин Катарга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну талкуулап, алардын чоң потенциалын белгилешти.

Тараптар 2023-жылдын башында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, бизнес-форумду жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана аларды даярдоо үчүн атайын жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Катардын Соода жана өнөр жай министрлигинин башчысы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана туризм тармактарында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Шейх М.Аль-Тани эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү максатында кыргыз тарапты келерки жылы Доха шаарында өтө турган экономикалык форумга жана айыл чарба менен экологияга арналган ЭКСПО-2023 көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Кулубаев кыргыз тарап бул иш-чараларга жогорку деңгээлде катышарына ишендирди.

Тараптар макулдашылган келишимдерди ишке ашыруу боюнча ишти илгерилетип, 2023-жылы Катардын соода жана өнөр жай министри М.Аль Танинин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий