• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар iPhone 14 телефонун мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандарды кармады

Коом 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери Iphone 14 Pro жана Iphone 14 Pro Max маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар "Достук" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кыргызстандын жараны Н.Ж. жана Россиянын жараны Т.Г.Х. коштоп жүрүүчү жүктү (кап-рюкзак) бажылык текшерип кароодо 14 даана Iphone 14 Pro маркасындагы жана 10 даана Iphone 14 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефондору табышкан, алынган товарлардын эч кандай коштоочу документтери жок болгон.

Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 млн 61 миң 770 сомду түзөт.

Аталган факты каттоого алынып, КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий