• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Болот Темировдун иши: документ жасалмалоо боюнча 3 адамга карата иликтөө башталды

Саясат 0

Бишкек, 26.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Журналист Болот Темировдун жасалма документине тиешеси бар үч адамга карата иликтөө башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальнигинин орун басары Чынарбек Майлибеков билдирди.

Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке тиешеси бар адамдардын саны өзгөрүшү мүмкүн.

“Мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан башка категорияда жана башка өндүрүштө каралат”, - дейт ал.

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов журналистке карата төрт сотко чейинки өндүрүш бир ишке бириккенин белгилейт.

“Тергөө аяктап, учурда прокуратура органдары кароодо”, - деди Исмаилов.

Эскерте кетсек, Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон: жасалма документти жасоо жана колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат даярдоо.

Пикир

Оставить комментарий