• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекет бизнестин жашыл экономикага өтүшүнө шарттарды түзүшү керек – Улук Кадырбаев

Экономика 0

Бишкек, 03.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мамлекет бизнестин жашыл экономикага өтүшүнө шарттарды түзүшү керек. Бул тууралуу “Жашыл экономика: “Климаттын өзгөрүшүнөн бизнес эмнени күтсө болот?” конференциясында “Биз эксперт” эксперттик тобунун төрагасы Улукбек Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет ишкерлерге мотивация бериши керек. Алсак, КРга гибриддик унаа ташыгандарга бийлик субсидия берерин айтса болот. Анткени мындай унаалардын экологияга зыяны аз.

“Же имараттарды курууда экологиялык жактан таза технологияларды колдонууга болот. Мисалы, дизайнер меникине 80 сафит орнотуптур. Адеп кооз көрүнүп, эсеп келгиче мага баары жагып турду. Анда соң, мен электр жарыгын үнөмдөөчү шамдарга өттүм. Тагыраагы, бизнес да, адамдар да жашыл экономиканын пайдасын көрсөтүүлөрү керек”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Кадырбаев экологиялык көйгөйлөр бизнеске таасир берерин билдирди. “Потенциалды кеңейтүү зарыл. Кагаз жана пластикти кайра иштетүүдө канча киреше тапса болот”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий