• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лас-Вегастагы атышуу: каза болгондордун саны 59 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 03.10.17./Кабар/. Лас-Вегастагы атышуудан каза болгондордун саны 59 адам жетип, 527 жабыркаган,-деп билдирет шаардын шерифи Джохеф Ломбардо.

Анын айтымына караганда, бул сандар так эмес.

Мурда 58 каза болгон жана 515 адам жаракат алгандыгы айтылган.

Ломбардонун айтымына караганда ок чыгарган Стивен Пэддоктун мотиви азырынча бегисиз. Пэддок Лас-Вегастон алыс эмес Мескит шаарында жашагандыгын шериф тастыктады. Ломбардонун айтымына карганда анын үйүнөн 18 даана ок атуучу курал, жардыргыч жана ок-дарылар табылган. Ал ок чыгарган отелдин ичинен дагы 16 курал-жарак табылган.

Учурда абалды териштирүү иштери жүрүүдө.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Кийин болжол менен ал өзүн-өзү өлтүргөн.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча Пэддокту террордук топко байланышы бар экендигин аныктай элек.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий