• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Июнда ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин көрсөткүчү кандай болду? Статистикалык маалыматтар

Экономика 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Ыкчам маалыматтар боюнча, 2023-жылдын июнь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башка борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын максималдуу орточо баалары Москва шаарында катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирет.

2023-жылдын июнь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы негизги
тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм, АКШ доллары1)

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курстары боюнча
2 Буудай унунун орточо керектөө баалары
(-) - Өкүл товардын жоктугу

2023-жылдын июнунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинде жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,28 АКШ доллары) Бишкек шаарында, ал эми минималдуу чекене баасы (он даанасы 1,05 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. Ушул эле мезгилде кой этинин эң төмөнкү баасы (1 килограммы 6,85 АКШ доллары) Астана шаарында, ал эми ак каймактын эң төмөнкү баасы (1 килограммы 5,04 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды. Уй этинин (1 килограммы 4,67 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн минималдуу баасы (1 литри 0,65 АКШ доллары) Минск шаарында катталды.

2023-жылдын июнь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы айрым
тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм, АКШ доллары)

2023-жылдын июнь айында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана шаарында байкалган баадан 33,9 пайызга жана биринчи сорттогу ундан жасалган нандын баасынан 37,0 пайызга, Минск шаарындагы уй этинин баасынан 28,6 пайызга жогору болгон. 2023-жылдын июнь айында Бишкек шаарындагы жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана (4,7 пайызга), Москва (13,3 пайызга) жана Минск шаарларындагы (18,0 пайызга), пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана (5,5 пайызга) жана Минск шаарларындагы (28,6 пайызга) баалардын деңгээлинен ашты.

2023-жылдын июнь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбор шаарларындагы
баалар менен орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн катышы

Пикир

Оставить комментарий