• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргон жана Аламүдүн райондору өз ара кызматташтыгын бекемдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-июлда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушту. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин эки район ортосунда экономикалык кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык, Аламүдүн районунун айыл аймак башчылары жана мекеме жетекчилеринен түзүлгөн делегация Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна келди. Үч күн алкагында алар өз ара тажрыйба алмашып, аймактын жетишкендиктери, айыл чарба, өндүрүш жана туристик потенциалы менен жеринен таанышат.

Ал эми буга чейин Базар-Коргон районунан түзүлгөн ушундай эле делегация Аламүдүн районунда болушкан.

Облус башчысы делегация курамын Жалал-Абад жергесине келишин кубаттарын билдирип, аймактардагы иш аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле район акимдеринин бул аракети кызматкерлердин тажрыйбасын арттырууга жана элдердин биримдигин бекемдөөгө чоң салым кошорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий