• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына дээрлик 1,8 млрд доллар карыз

Экономика 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Кытайдын экспорттук-импорттук банкына мамлекеттик тышкы карызы 1 млрд 794,12 млн долларды түзөт, бул 147 млрд 304,94 млн сомго барабар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

Өз кезегинде КР Финансы министрлиги 2022-жылы Эксимбанкка 111,73 млн доллар төлөөнү болжолдоодо.

Алдын ала маалымат боюнча, Кытайдын Эксимбанкына мамлекеттик тышкы карызды төлөөнүн жогорку өлчөмү 2025-жылда башталып, 2027-жылы жогорку чегине жетет, андан ары азая баштайт.

“КР Финансы министрлиги тышкы карыздарды өз убагында жана толук көлөмдө төгүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий