• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте спорт журналисттеринин сүрөт көргөзмөсү өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бишкекте “Спорт менин көзүм менен” аталышындагы спорт журналисттери Гүлиза Авазова, Ксения Толканева жана Гүлжан Турдубаеванын сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чара 2-июль күнү саат 12:00дө калаадагы “Дордой Плаза” соода борборунда болот. Көргөзмөдө кыргыз спортунун акыркы 10 жылдагы урунттуу учурлары көрсөтүлөт.

Сүрөт көргөзмөсү 6-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий