• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык үч боксчу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Кыргызстандык Нурадин Рустамбек уулу, Мирзохид Имамназаров жана Рыспек Бектенов 22 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 20-январдан баштап Ташкент шаарында өтүүдө.

Нурадин Рустамбек уулу 71 кг салмакта мелдештин чейрек финалында тажикстандык Хуршед Усвалиевди 5:0 эсебинде утуп алды. Мирзохид Имамназаров 63,5 кг салмакта Япониядан келген Китамото Шунсукени 3:2 эсебинде, ал эми Рыспек Бектенов 60 кг салмакта Шри-Ланкадан келген Гадул Пассара Лекам Гедараны утуп алды.

Белгилей кетсек, чемпионат 30-январда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий