• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте хоккей боюнча өлкөнүн чемпионаты старт алды

Спорт 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын 1-туру старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионатка жалпы беш команда катышып жатат: “Алга” (Бишкек шаары), “Нарын Шумкарлары” (Нарын шаары), “Дордой” (Бишкек), “КТЖ” (Бишкек) жана “Нураалы Аке” (Жумгал) командасы.

Мелдештин программасы:

12-ноябрда — “Алга” – “Нарын шумкарлыры”, “Дордой – “КТЖ”, “Нураалы Аке” – “Нарын шумкарлары”.
13-ноябрда — “ Дордой” – “Алга”, “Нураалы Аке” – “КТЖ”, “Дордой” – “Нарын шумкарлары”.
14-ноябрда — “Нураалы Аке” – “Алга”, “КТЖ” – “Нарын шумкарлары”, “Нураалы Аке” –“Дордой”, “Алга” – “КТЖ”.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жана Кыргызстандын хокей федерациясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Мелдештин кийинки турлары февраль, апрель айларында болот.

Пикир

Оставить комментарий