• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алимардон Шукуров "Торпедо-Белаз" футболдук клубу менен келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров Беларусиянын Жогорку Лигасында ойноп жаткан "Торпедо-Белаз" ФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

2023-жылкы сезондо Алимардон Шукуров "Неман" клубунун курамында 31 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизип, 7 ассист берди.

Шукуров Кыргызстандын улуттук курамасында 2017-жылдын 14-ноябрь айында Макао менен болгон беттеште дебют жасаган. Жалпысынан курама үчүн 29 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизген.

2024-жылкы Азия Кубогунун даярдыгы учурунда Шукуров жаракат алып калган. Андыктан, оюнчу азиялык биринчиликтин оюндарын өткөрүп жиберип, акыркы эки оюн үчүн даярдыкка дагы чакырылган эмес.

Белгилей кетсек, "Торпедо" Беларусиянын Жогорку Лиганын 2023-жылкы сезонунда 12 жолу жеңишке жетип, 13 ирет тең чыгып жана 3 жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий