• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйынтыктоочу жыйынына катышты

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда, президент Садыр Жапаров VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ант беришти.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салык жана бажы жыйымдарынын көлөмү кыйла көбөйгөнүн, социалдык чөйрөгө, өлкөнүн энергокоопсуздугун чыңдоого, мектептердин, медициналык мекемелердин жана соцобъектилердин курулушуна каржылоо сезилерлик жогорулаганын белгиледи.

Президент белгилегендей, мындай жыйынтыкка мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин эриш-аркак иштөөсүнүн аркасында жетишүүгө мүмкүн болду.

Садыр Жапаров саясий талаш-тартыштардын, саясый интригалардын ордуна дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбоо зарылдыгын, Кыргызстанда азыр экономиканы жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы парламентте маанилүү маселе – тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги тууралуу сөз кылды. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек.

Ал бийлик башына келгенден кийин сырткы карыз сындуу олуттуу маселелерди чечүүдө да чечкиндүүлүктү көрсөтүү керектигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мындай маселер эл өкүлдөрүнүн колдоосунда чечилет деген ишеничин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий