• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 791 үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жалал-Абадда 791 үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүү боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын шаар жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери облустун аймагындагы кооптуу аймактарда жашап келе жаткан үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча эскертүү беришти.

Бул иш ар бир айыл аймак башчылары, шаар мэрлери жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда кооптуу аймактан көчүү үчүн мамлекет тараптан жер тилкелерин жана жөлөк пул алган үй-бүлөлөр тез убакыт ичинде көчүүсү керек экендиги комиссия тарабынан эскертилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 1067 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келишет. Жыл башынан тартып 791 үй-бүлөгө көчүү боюнча эскертме нускамалар жазуу түрүндө берилген.

Пикир

Оставить комментарий