• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий