• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлек районунда токойчу жараланган бүркүттү куткарып калган

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Атайын рейддин жүрүшүндө Лейлек районунун Арка токой чарбасынын Карасай тилкесинде NABU - Кыргызстан түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү мергенчи таап алган жараланган бүркүттү жолуктурушту.

Уюмдун билдирүүсүнө караганда, токойчу бадалга чырмалып, өз алдынча чыга албай калган кушту байкаган. Ага кам көрүп, эрежелерди сактоо менен бүркүттү NABU - Кыргызстанга өткөрүп берди.

Канаттуу Кемин районундагы "Суулуу-Терек" жапайы жаныбарларды экологиялык билим берүү жана реабилитациялоо борборуна жеткирилди.

Белгилей кетсек, реабилитациялык борбордо бүркүт ветеринардын тыкыр көзөмөлүндө турат. Абалы жакшыргандан кийин, адистер кушту табигый чөйрөсүнө кое беришет.

Пикир

Оставить комментарий