• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргон районунда инвестиция тартуу көлөмү артты

Аймак 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Базар-Коргон районунда инвестиция тартуу көлөмү артты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна 1 млрд 761 млн 359 миң сомдук инвестиция тартылган. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 108 млн 730 миң сомго көп болуп, өсүү ыргагы 106,5 пайызды түзгөн.

Мындагы каражаттардын басымдуу бөлүгү жашоочуларды таза суу менен камсыздоого жумшалган. Анын ичинен ички инвестицияларды тартуу да жанданган. Алсак, өткөн жылы анын көлөмү 781 миң сомго арткан.

Пикир

Оставить комментарий