• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Үй бар". Чек ара жаңжалында көчүрүлгөндөргө жардам колун сунган Келдибек сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.22./Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн коогалаңда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган инсан.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү , элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан сырткары оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, колундагы баласы менен "үй бар" деген жазуу бар кагаз кармап, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга тилектештик билдирип чыккан Келдибек Матисаев социалдык тармактын колдонуучуларынын алкышына татыган.

Пикир

Оставить комментарий