• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында жаңы ФАП ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.22./Кабар/. Кечээ, 23-декабрда Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында Акматова Алтын атындагы фельдшердик-акушердин пунктун курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФАПтын ачылыш аземине Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, мекеме - ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, имараттын курулуш иштери 2021-жылы башталып, ал "Катар" кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланып, бүткөрүлдү. Ошондой эле ушул уюм тарабынан ФАПтын ичине эмеректер сатылып алынган. Жалпы сметалык баасы 4 млн 300 428 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий