• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бүгүн Балыкчы шаарында күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Жалпы аянты 213 чарчы метр түзгөн КТБнын имараты Абдрахманов 258 дарегинде жайгашкан. 13 адис жарандарды кабыл алат.

Жаңы форматтагы КТБ автоматташтырылган маалыматтык системага кошулуп, мында керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жарандар электрондук кезек менен кабыл алынат, бул убакытты бир топ үнөмдөйт.

Ошондой эле КТБда майыптыгы барлар үчүн атайын пандус, унаа токтотуучу жай каралып, шаардык транспорттук каттамдар өтө алыс эмес.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын калкынын саны 54 миңден ашат жана Ысык-Көл облусундагы эң жыш жайгашкан шаарлардын бири болуп эсептелинет.

Буга чейин жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү эки башка имаратта жайгашып, касса жана нотариус өзүнчө башка имаратта болгондуктан, элге ыңгайсыздыктар жаратып келген.

Пикир

Оставить комментарий