• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында муниципалдык балдар оюн-зоок борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Данек” балдар ойноочу муниципалдык оюн-зоок борбору ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылуу аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар тургундары катышты.

Аталган муниципалдык борбор Спутник кичи шаарчасындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу багынын аймагында курулду. Мында жаш балдар үчүн бардык шарттар каралган, коопсуздук эрежелери да эске алынган. Кирүү акысы да жеке менчик балдар ойноочу жайлардан бир топ арзан. Тагыраагы, балдардын жаш курагына карап 150 сомдон 280 сомго чейин. Ал эми туулган күнүндө келген балдарга, 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, 3-декабрь – Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата да акысыз.

Балдар ойноочу жайды жергиликтүү бийлик өзү иштетет жана мындан түшкөн каражат шаар казынасына түздөн-түз түшөт. Мындан болжолдуу жылына 10 млн. сомдой киреше түшөрү пландалган.

Кошумчалай кетсек, аталган жай Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун ичинен каржыланып, 73 млн сомдон ашык акча каражаты жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий