• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузак районунун Арал участогунда тергөө изолятору курулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жалал-Абад облусуна болгон сапаранын алкагында Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал участогундагы тергөө изоляторунун курулушу менен таанышты.

Акыйкатчы аппаратынан билдиришкендей, аталган жайдын курулушуна 1 гектар жер бөлүнүп берилген. Бул участокко 200 орунга эсептелген имарат курулууда.

Белгиленгендей, тергөө абагынын курулушу 2023-жылдын соңунда аяктары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий