• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында тарыхый-археологиялык музейлер өнүктүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Ош шаарында тарыхый-археологиялык музейлер өнүктүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын имаратында Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин долбоорунун алкагында "Өнүгүү борбору" (КР) жана "HDC International" (Улуу Британия) компанияларынын эксперттеринин катышуусунда музейлерди өнүктүрүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, пикир алмашуу максатында тегерек стол өттү.

Тегерек столдун күн тартибинде:

• "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жана «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун туризмди өнүктүрүү планын иштеп чыгуу;

• "Сулайман-Тоо" үңкүр музейинин ички жасалгасын жакшыртуу жана көргөзмөлөрдү уюштуруу;

• Өзгөн тарыхый-архитектуралык борборун ЮНЕСКОнун объектилеринин тизмесине киргизүү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Долбоор ишке ашса, экономиканын негизги багыттарынын бири болгон туризм индустриясын өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастардын баштапкы абалын сактоого жана келечек муундарга таанытууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий