• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Артыкбаев Монголиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 9-11-июлунда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайин Оюун-Эрдэнэнин үстүбүздөгү жылдын 25-26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин XXII отурумуна катышуусун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Айбек Артыкбаев кыргыз тарап жогорку деңгээлдеги өз ара парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык сапарларды иштеп чыгууга, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара кызыгууну жараткан маселелерди тез ара чечүү максатында дайыма байланышта болуу тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий