• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында окулган айт намазга 10 миңге жакын адам келди

Аймак 0

Бишкек, 28.06.23./Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн 10 миңге жакын адамдын катышуусунда Курман айт намазы окулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ыйык Курман айт майрамына карата окулган намазга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт – биримдик, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалаган мусулман элинин ыйык майрамы экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыркы жылы Курман айт 9-июлда майрамдалган.

Пикир

Оставить комментарий