• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Замирбек Базарбеков онлайн өткөн эл аралык юридикалык форумга катышты

Коом 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков "Улуттук кызыкчылыктарды жана эл аралык экономикалык мамилелердин катышуучуларынын укуктарын коргоо балансы" XII Эл аралык юридикалык форумуна катышты.

Жогорку соттон билдиришкендей, онлайн форумду Россиянын Жогорку соту уюштуруп, анда төрага Вячеслав Лебедев РФ президенти Владимир Путиндин катышуучуларына болгон саламдашуу сөзүн окуп берди.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө белгилегендей, азыркы дүйнөдө экономика, соода жана эл аралык байланыштарды бекемдөө жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү шартында бардык өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу жана ошол эле учурда эл аралык экономикалык мамилелердин катышуучуларынын укуктарын сактоо зарылдыгына туш болушууда.

"Тең салмактуулукту сактоо маселесинде сот системасы чечүүчү ролду ойнойт, анткени ага татаал милдет, атап айтканда: эл аралык экономикалык мамилелердин катышуучуларынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды көз карандысыз жана калыс чечүүнү камсыз кылуу жүктөлгөн.

Бул жерде айта кетчү нерсе, мындай кырдаалда сот системасы эки негизги максатты көздөйт: бир жагынан улуттук кызыкчылыктарды коргоо, экинчи жагынан эл аралык экономикалык мамилелердин катышуучуларынын адилеттүүлүгүн жана тең укуктуулугун камсыз кылуу. Бул үчүн ошондой эле юридикалык институттардын талаптагыдай иштешин, эл аралык укуктун нормаларын сактоону жана эл аралык стандарттарды эске алган соттук практиканы өнүктүрүүнү камсыз кылуу зарыл", - деди ал.

16 мамлекеттин жогорку сот бийлигинин өкүлдөрү катышкан форумдун жүрүшүндө эки багыт боюнча баяндамалар угулду: чек ара укуктук мамилелер жана улуттук адилеттүүлүк, социалдык мамлекетте ишкерликтин укуктарын коргоо: соттук практикада кызыкчылыктардын тең салмактуулугу.

Иш чаранын жүрүшүндө КР Жогорку сотунун судьясы Турсунгүл Чаргынова "Интернет чөйрөсүндө укуктарды коргоо" деген темада баяндама жасады.

Пикир

Оставить комментарий