• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө БА президенттеринин келишине байланыштуу жолдор жабылат

Аймак 0

Бишкек, 16.07.22. /Кабар/. 20-21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Мааыматка ылайык, аталган иш-чараны өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын бардык өздүк курамы күчөтүлгөн режимде нөөмөттө болушат.

Ысык-Көл облусунда "Ысык-Көл" аэропорту жана Чолпон-Ата шаары каттамында делегациялардын өтүү учурунда жолго чектөөлөр киргизилип, жол жээгинде кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

Өткөрүлө турган иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу ЖКККББ Ысык-Көл облусунун жашоочуларын жана конокторду туура кабыл алып, айдоочуларды маданиятты жана айдоо эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий