• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоо койнундагы Сары-Челек көлүнүн көз жоосун алган сүрөттөрү

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек көлүнүн көз жоосун алган сүрөттөрү менен бөлүштү.

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу өзгөчө коргоодогу аймактардын катарына кирет. Ал 1959-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин токтому менен жергиликтүү өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн. Жалпы аянты дээрлик 24 миң гектарды түзүп, коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар жана сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсөт.

Коруктун аймагында 7 көл бар. Алардын ичинен эң ириси – Сары-Челек көлү. Анын узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 чакырымды түзөт. Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1848 метр бийиктикте жайгашкан. Анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча ал Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий