• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиялык жыйыны болуп өттү.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, иш-чарада аймактык түзүмдүн жетекчилеринин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы угулду жана ыйгарым укуктун алкагында тийиштүү тапшырмалар берилди. Өзгөчө социалдык маанидеги товарлардын бааларын турукташтыруу боюнча маселелер каралды.

Жыйынга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков жана президенттик администрациянын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий