• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев башында турган бийлик өкүлдөрү Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов катышты.

Бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын жыйындар залында өттү. Жыйындын башталышында бийлик өкүлдөрү эл менен учурашып, жыйын эркин, суроо-жооп иретинде болорун, жарандардын жеке маселелерине, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу кѳйгѳйлүү суроолорго жооп берип, жакындан кабар алуу максатында келишкендигин билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндѳ Кара-Суу районунун жыйынга келишкен жашоочулары жеке маселелери боюнча суроолорун беришти.

Мындагы жашоочулар негизинен:

- Райондун аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирген жерлер боюнча юридикалык баа берүү;

- Кара-Суу шаарындагы Тураталы базарындагы соода-түйүнүндѳгү талаш маселени чечүү;

- Үлүш жерлердеги мыйзамсыз курулган турак-жайлар боюнча юридикалык баа берүү;

-Жоош айылынан ѳткѳн сугат суу агып ѳтүүчү каналдын нугун бузуп мыйзамсыз курулуштун салынып жаткандыгы;

-Райондун аймагында турак-жай үчүн бѳлүнгѳн бир жер тилкеге бир нече адамга токтом чыгаргандарга карата мыйзам чегинде чара кѳрүү;

-Жеке ишкерлерге атаандаштык боюнча бирдей шарттарды түзүү (мал соючу жайларды иштеткендер);

-Мүлк талаш маселелери боюнча каралаган иштер сот орагандары аркылуу кѳп жылга созулуп жаткандыгы;

-Таза суу менен камсыз кылуу маселеси ж.б маселелер айтылды.

Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты.

Жолугушуулар президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелери боюнча жеринде кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий