• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев "Лейлек" ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24./Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына "Лейлек" ГЭСи курулууда.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аталган объектке барды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, "Кыргыз-Каганат" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 МВт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5,6 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат.

Чакан ГЭСтин биринчи агрегаты 2024-жылдын июнь айында ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө дарыядан ГЭСке чейинки 1км 800 метр аралыкка суу түтүктөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий