• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Түркияга 400 тонна жаңгак экспорттойт

Экономика 0

Бишкек, 10.02.24./Кабар/. Кыргызстан Түркияга 400 тонна кыргыз жаңгагын экспорттойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыгында жетишилди.

Отурум 9-февралда Анкара шаарында өттү.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдиргендей, түзүлгөн келишимдин негизинде жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда экспорт болууга даярдалууда.

Белгилей кетсек, отурумдун ишине КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түркия палаталар жана Биржалар ассоциациясынын президенти Рыфат Хисаржыколу жана эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

Жыйындын күн тартибине экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери кирген.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган Комиссиянын жыйынынын Протоколуна, Эл аралык унаа жолдору боюнча Макулдашууга жана Экспорт тармагында Меморандумга кол коюлду.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылды.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлө турган болду.

Пикир

Оставить комментарий