• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баясов түркиялык ишкерлерге Кыргызстандын шамал жана күн энергиясынын потенциалы боюнча маалымат берди

Экономика 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Түркиянын энергетикалык өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен Түркиянн Измир шаарында иш сапарында жүргөн КРнын инвестициялар министринин м.а Нурадил Баясов Измир эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) шамал жана күн станцияларын өндүргөн ири компанияларында болду. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баясов ишкерлерге Кыргызстандын шамал жана күн энергиясынын потенциалы боюнча маалымат берип, түркиялык компанияларды өлкөгө инвестиция салууга чакырды.

Өз кезегинде түрк өндүрүшчүлөрү Кыргызстан менен тыгыз кызматташтыкты жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө ар кандай колдоону берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Эскерте кетсек Измир аймагы Түркиянын күн жана шамал станцияларын өндүргөн жана аталган станциялардын эң көп жайгашкан аймагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий