• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мигранттардын акча которуулары 19 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле өлкө экономикасынын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө караганда, 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,6 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы 4,1 пайыз чегинде катталган.

Өлкөгө акчалай которуулардын көлөмүнүн өсүшү экономиканын калыбына келүүсү боюнча оң динамиканы бекемдөөдө. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражаттарынын таза агымы 19 пайызга өсүп, 1,6 млрд АКШ долларына жакын өлчөмдө түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий