• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусуна эки айда республикалык бюджеттен 108,5 млн сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 56,4 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30,0 млн сом;
  • электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17,9 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен - 3,2 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле 2024-жылдын 5-февралында №34-р тескемесине ылайык 1 млн сом каржыланды.

Жалпысынан Баткен облусуна эки айда 108,5 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий