• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары катышкан өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Экономика 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкекте EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2023 эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 29-мартта Бишкектеги Чокан Валиханов 2 дарегинде жайгашкан "АЮ-Гранд" соода борборунда өтөт. Башталышы саат 11:00. Көргөзмөгө Кыргызстандын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары катышары күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн тематикасы:

- кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;
- транспорт жана логистика;
- банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
- айыл чарба техникасы;
- энергия;
- эмерек;
- бал жана бал азыктары;
- сүт азыктары.

Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана балдын көргөзмөсү («Apiary 2023») өтөт.

Көргөзмөнүн максаты - ички жана тышкы рынокто жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды жана кызматтарды жайылтуу. Ишканалардын жана Евразиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өз ара байланышты өнүктүрүү.

Пикир

Оставить комментарий