• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Финансы министри Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жыйынына катышты

Экономика 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Бүгүн, 27-июнда финансы министри Алмаз Бакетаев видеоконференция форматында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин 17-жыйынына катышты.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жыйында фонддун 2023-2027-жылдарга стратегиясы, 2022-жылга жылдык отчету, кредиттик портфелдин сапаты жана көйгөйлүү активдери жөнүндө отчету каралды.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери фонд жалпы суммасы 517,8 млн АКШ долларына 3317 инвестициялык долбоорду каржылаган, башкача айтканда, фонддун уставдык капиталынан ашкан суммада (500 млн АКШ доллары). Фонддун кредиттик компанияларынан түшкөн салыктар жана социалдык төлөмдөр өлкөнүн жалпы бюджетинин 2 пайызга жакынын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий