• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Курман айтты майрамдоодо өлкөдө 6 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. 28-июнда Курман айтты майрамдоо учурунда Кыргызстандын аймагында 6 миңге чукул милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Ошондой эле 1 миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар атайын посттордо иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий