• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир тараптуу кыймыл. Бишкекте бир катар каттамдар өзгөртүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө бир тараптуу кыймылга байланыштуу бир катар коомдук транспорттун каттамдары өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда. Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына бир тараптуу көчөлөрдө зарыл болгон жол белгилерин орнотуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине унаажолдордун жогоруда аталган участоктору боюнча шаардык каттамдарды кайра карап чыгуу тапшырылды.

Ошентип, бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда:

- Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
- Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта);
- Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта).

“Бул чаралар КР мыйзамдарынын алкагында көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, аварияны азайтуу, тыгындар проблемаларын чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана коомдук транспортту жана жол инфраструктурасын өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий