• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кумтөрдүн” алтын ылгоо фабрикасында эки жаңы тик тегирмен ишке берилет

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" ЖАК алтын ылгоо фабрикасында былтыр баштаган масштабдуу модернизациялык иштерди улантууда.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, жакынкы мезгилде мунаралуу жаңы 2 тик тегирмен ишке киргизилгени турат. Мунун натыйжасында алтын алуунун пайызы бир кыйла жогоруламакчы.

"Жаңы тегирмендерди орнотуу иши жакынкы жумаларда аяктайт. Бул жабдыктар саатына 400 тоннага чейинки кендин флотациядагы концентратын иштете алат. Кошумча тегирмендердин орнотулушу, фабрикада жасалып жаткан башка дагы модернизациялык иштердин натыйжасында, компания аз кубаттуулук менен алтын өндүрүүнүн көлөмүн бир кыйла арттырууга жетишмекчи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий